Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 25-ноябрда Бахрейндин Манама шаарында өтүп жаткан “Азиядагы кызматташуу тууралуу диалог” уюмуна кирген мамлекеттердин 12-жыйынына катышууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында чыгып сөз сүйлөгөн Эрлан Абдылдаев Бахрейн тараптан сунушталган “Азиянын туристтик шаары” аталыштагы демилгени колдоорун, бул демилге “Азиядагы кызматташуу
тууралуу диалог” уюмуна кирген мамлекеттер үчүн туризмди өнүктүрүүдө эң
маанилүү орунду ээлерин белгилөө менен биргеликте Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп өттү.
Кошумчалай кетсек, “Азиянын
туристтик шаары” долбоору “Азиядагы кызматташуу тууралуу диалог” уюмуна кирген мамлекеттердеги шаарларда туризмди өнүктүрүүгө маалымат жактан колдоо көрсөтөт. Бул жыйындын соңунда
“Азиядагы кызматташуу тууралуу
диалог” уюмуна төрагалык кылуу милдети Сауд Арабиясына өткөрүлүп берилет.