Ош. Авто тыгынды азайтуу максатында шаарда Кара-Суу жана Ак-Буура көчөлөрүн бириктирген жаңы жол ачылды

Шаардагы эстакада көпүрөсүнүн курулуш иштеринин башталганына байланыштуу Навои көчөсү жабылган эле. Буга байланыштуу Ак-Буура жана Кара-Суу көчөлөрүн бириктирген жаңы жол ачылып, ишке берилди.  Сууктун түшүшүнө байланыштуу асфальт төшөө иштери кийинки жылга калтырылып, жол бетине шагыл төгүлдү. Учурда Ош шаардык жол башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бетон арыктар, тосмолор, жол белгилери орнотулууда. Кошумчалай кетсек, Ак-Буура көчөсүнүн жалпы узундугу 418 метрди, туурасы 16 метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан