СИЗОдо отурган Ахматбек Келдибеков "журналисттер бир жактуу маалымат берип жатат" деп нааразы

Акыйкатчы Бакыт Аманбаев бүгүн, 25-ноябрда СИЗОдо отурган депутат Ахматбек Келдибеков менен жолугушту. Муну акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда Келдибеков бир жактуу маалымат таратууда деп ММКларга нааразычылыгы бар экенин айтыптыр. “Сенсация жаратуу үчүн айрым маалымат булактары жалган кабар таратышууда”,- деген депутат журналисттерди калыс жана мыйзам чегинде иштөөгө чакырды. 

Ахматбек Келдибеков абакта кармоо шарты боюнча эч кандай даттануу айткан жок. Анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулары Бишкек шаардык сотуна кайрылганы айтылды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан