Эртең, 26-ноябрда Бишкек шаарындагы айрым райондордо электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирет.
Маалыматка караганда Урицк, Кочкор, Кудрука, Жыргалаң, Түп, Журнал, Эркиндик бульвары, Баетов, Тыныстанов, Жумабек, Абдрахманов көчөлөрүндө жана Кара-Жыгач жаңы конушунда, Бейшеналиева көчөсүндөгү №6-көп кабаттуу үйдө саат 9.00дөн 17.00гө чейин электр жарыгы болбойт. Бул “Өнөр жай” көмөкчордонунан чыккан 6 киловатт электр өткөрүүчү чубалгысындагы жана № 800, 2170-трансформаторлорундагы оңдоо иштерине байланыштуу.