Өкмөт жооп берет: Эмгек өргүүсүнө кантип чыгуу керек?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Менде жумуш өргүү (трудовой отпуск) боюнча суроолор бар эле. Мисалы, эмгек өргүүсүнүн убактысы келди дейли. Бирок ошол эле убакта кош бойлуулук жана төрөт боюнча да өргүүгө чыгуу керек болуп калды. Мындай учурда кандай кылган туура? Негизги өргүү жана кош бойлуулук өргүүсүн бир дата менен буйрук чыгара берсек мыйзам бузуу болбойбу? Же болбосо төрөт боюнча өргүүдөн келгенден кийин негизги өргүү  бериш керекпи? 

Жооп: - Биринчи эмгек өргүүсүгө чыгып, андан кийин бала багуу өргүүсүнө чыкканыңыз оң, эки башка буйрук менен. 

Экинчи суроом: - Өргүүгө чыккан адамдын ордуна убактылуу жумушчу алса болобу?           

Жооп: - Бала багуу өргүүсүндө жүргөн кызматкердин ордуна убактылуу жумушчу алса болот. 

Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин ММКлар менен иштөө боюнча адиси Кымбат Кадыралиева жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан