Тоң районундагы бала бакча мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө, 2010-жылы аталган районго караштуу Кажы-Сай айыл өкмөтүнүн токтому менен “Х.” коомдук уюмуна бала бакчанын имараты, короо жайы менен мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.
Социалдык объектини мамлекетке кайтаруу максатында райондук прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, арыз соттор тарабынан канааттандырылды.
Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, баасы 20 миллион 46 миң сомдук бала бакчанын имараты, короо жайы менен мамлекетке кайтарылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз.