Биз социалдык тармакта

Камдап алгыла! Нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу Оштун бир нече аймагында таза суу берүү токтотулду (тизме)

Нөшөрлөп жаап жаткан жамгырга байланыштуу Ош шаарынын бир нече аймагында бүгүн, 18-марттан тарта таза суу берүү токтотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Ак-Буура дарыясындагы суунун көлөмү нормадан жогору болгондугуна байланыштуу Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондорунан жана Достук, Калинин массивдеринен башка аймактарына таза суу берүү чукул убакытта токтотулду (саат 07:05те).
"Суу өчө элек аймактарда таза суу камдап алууңуздарды өтүнөбүз.
Таза суу жеткизип берүү үчүн төмөнкү телефондор аркылуу 105, 8-11-15, 8-11-51 жана 0553 200-105 кайрылсаңыздар болот.

Жарандарды сабырдуулукка чакырабыз жана убактылуу жаралган ынгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз", - деп билдиришти Ош мэриясынан.


Маалымат алуу үчүн байланыш телефондору: 105, 8-11-15, 8-11-51, 0553 200-105.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан