Бишкек-Ош унаа жолунда жаан-чачындын кесепетинен кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. "Жолго чыкканда жанына трос, чынжыр, дары-дармек, жылуу кийим, тамак-аш, чай ичкенге таза суу алуусу айдоочуларга эскертилет. Ошондой эле пландалган иш сапарларын кийинки күндөргө жылдырып туруусу зарыл экенин билдиребиз", - деп жазылат маалыматта.