Биз социалдык тармакта

"Бийиктиги 20 метр". Долонго түшкөн кар көчкүдөн улам Бишкек-Нарын-Торугарт жолу ачыла элек

Кечээ, 17-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Долон ашуусуна түшкөн кар көчкүдөн улам жол ачыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
"18-март саат 12:00гө карата Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна түшкөн кар көчкүнүн 19 миң 170 метр куб көлөмү тазаланды. Унаа жолдун 294-чакырымы жалпы көлөмү болжол менен 225 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын 47 миң метр кубу жолго түшкөн.
Ал эми жолдун 296-чакырымында болжол менен 900 миң метр куб кар көчкү түшүп, анын 38 миң 250 метр кубу жолго түшкөн. Түшкөн кардын бийиктиги 15-20 метр, узундугу 200-250 метрди түзөт.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда жол убактылуу жабык, тазалоо иши жүрүүдө", - деп билдиришти ӨКМдан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан