Ушул жылдын январь айында коңшу Казакстанда суюлтулган газдын кескин түрдө кымбаттап кетишине байланыштуу карапайым калктын нааразычылык акциялары орун алган. Аталган тынчтык митингдери бара-бара массалык баш аламандыкка айланган. Натыйжада казак президенти Касым-Жоомарт Токаев "өлкөдө террордук коркунучту жөнгө салуу" зарылчылыгы келип чыкканын белгилеп, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунан жардам сураган. Мындан улам уюмга мүчө мамлекеттер, анын ичинде Кыргыз өлкөсү да абалды турукташтырууга көмөк көрсөтүү үчүн коңшу өлкөгө өз аскерлерин жиберген.
Аталган окуяда аты байма-бай жаңырган ЖККУ деген эмне? Качан түзүлгөн? Курамында кайсы мамлекеттер бар? Бул чыгарылышта дал ушул темада кеңири баян кылабыз.
*****
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму
ЖККУ - Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму. КМШнын аймагында ОДКБ (Организация договора о коллективной безопасности) деп орусча аталышы менен таанымал. Тынчтыкты, эл аралык жана аймактар аралык коопсуздукту, туруктуулукту камсыздоону, мүчө мамлекеттердин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн, улуттук баалуулуктарын жамааттык түрдө коргоону максат кылган аскердик уюм.
ЖККУнун желеги
Тарыхы
1991-жылы СССР тарап, курамындагы 15 мамлекет өз алдынчалуулукка ээ болгондон кийин батыштагы НАТО сыяктуу эле эгемендүү постсоветтик өлкөлөрдүн арасында жамааттык коопсуздук системасын түзүү демилгеси көтөрүлө баштаган. Мунун натыйжасында 1992-жылы 15-майда Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Армения, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсү биригип, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ал эми бир жылдан кийин алардын катарына Азербайжан, Грузия жана Беларусь өлкөсү да кошулган. Ошентип 9 мамлекеттин макулдугуна ээ болгон келишим 1994-жылы 20-апрелде расмий түрдө күчүнө кирген.
1999-жылы 2-апрелде 5 жылга белгиленген Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин мөөнөтү аяктаган. Бирок Орусия, Армения, Беларусь, Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Казакстандын президенттери келишимдин мөөнөтүн экинчи 5 жылдыкка узартуу чечимин кабыл алышкан. Ал эми Азербайжан, Грузия жана Өзбекстандын мамлекет башчылары келишимди узартуудан баш тартып, бирикменин курамынан чыгып кетишкен.
2002-жылы ЖККУнун Москвада өткөн сессиясында аталган келишимди эл аралык деңгээлдеги толук кандуу уюмга айлантуу демилгеси көтөрүлгөн. Натыйжада ошол эле жылдын 7-октябрында Кишинёв шаарында ЖККУнун бардык устав жана макулдашуулары кабыл алынып, 6 мамлекеттин мүчөлүгүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму түзүлгөн.
Курамындагы мамлекеттер
Жогоруда белгиленгендей ЖККУ башында 9 мамлекеттин мүчөлүгү менен түзүлгөн. Кийин Грузия, Азербайжан жана Өзбекстан уюмдан чыгып кеткен. Алардын ичинен Өзбекстан 2006-жылы бирикмеге жаңыдан кошулуп, бирок 2012-жылы кайрадан уюмдагы мүчөлүгүн токтоткон.
Белгилей кетүүчү нерсе, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмундагы өлкөлөр каалаган учурунда өз каалоосу менен бирикмеден чыгуу укугуна ээ.
Азыркы тапта ЖККУнун курамында 6 мамлекет бар. Алар: Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү.
ЖККУ дүйнөлүк картада
Уюмдун түзүлүшү
ЖККУнун учурдагы башкы катчысы беларустук генерал-лейтенант, согуштук жана мамлекеттик ишмер Станислав Васильевич. Ал аталган бирикмени 2020-жылдын 1-январынан бери жетектеп келет.
Станислав Васильевич
Уюмдун түзүлүшүнө кайрылсак, эң жогорку органы болуп Жамааттык коопсуздук кеңеши эсептелет. Ага бирикмеге мүчө мамлекеттердин президенттери кирет. Кеңеш бирикменин негизги маселелерин карайт жана жасала турган иш-аракеттерге байланышкан маанилүү чечимдерди кабыл алат.
- Тышкы иштер министрлеринин кеңеши - тышкы саясат чөйрөсүндөгү кызматташууну координациялаган аткаруучу орган.
- Коргоо министрлеринин кеңеши - аскердик саясат, аскердик уюштуруучулук жана аскердик-техникалык кызматташтык багытында иш алып барган аткаруучу орган.
- Коопсуздук кеңешинин катчыларынын комитети - уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздугун камсыздоо жаатында иш жүргүзгөн аткаруучу жана кеңеш берүүчү орган.
- Туруктуу кеңеш - ЖККУнун сессиясында жогорудагы органдар тарабынан кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруучу орган. Туруктуу кеңеш мүчө өлкөлөр тарабынан атайын даярдалган ыйгарым укуктуу өкүлдөрдөн куралган. Алар атайын бекитилген жобонун негизинде иш алып барат.
- Уюмдун башкы катчысы - эң жогорку административдик кызматкер. Ал уюмдагы катчылыктарды башкарат. Мүчө мамлекеттердин жарандарынын ичинен дайындалат жана бирикменин ишмердиги тууралуу жогорудагы кеңештерге отчёт берет.
- Уюмдун катчылыгы - туруктуу иш алып баруучу орган. Бирикменин иш-аракеттерин уюштуруу жана маалыматтык жактан камсыздоо иштерин жүргүзөт.
- Бириккен штаб - туруктуу жумушчу орган. Аларга биргелешкен аскердик күчтөрдү түзүү, ар кандай чукул кырдаалдарга даярдоо, машыгуудан өткөрүү сыяктуу милдеттер жүктөлгөн. Ошондой эле мүчө мамлекеттер арасындагы аскердик-техникалык кызматташуу иштерин жүргүзүп, ар түрдүү кырдаалдарга ыкчам чара көрүү борборун уюштуруу иштерин алып барат.
ЖККУнун куралдуу күчтөрү
Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму 2001-жылы декабрь айында Бириккен улуттар уюмунун башкы ассамблеясында байкоочу статусун алган. Ошондон тарта ЖККУ эл аралык коопсуздукту коргоо багытында НАТО сыяктуу эле эң маанилүү уюмдардын бири болуп келет. 2009-жылы ЖККУнун кезектеги сессиясында чукул кырдаалдарга ыкчам чара көрүү күчү түзүлгөн. Анын алкагында ар жылы бирикмеге мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрү биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүп келет.
Уюмдун аскердик күчтөрүнүн эң негизги бөлүгүн Чукул кырдаалдарга ыкчам чара көрүү күчтөрү түзөт. Алардын саны 17-20 миң жоокерден турат. Ошондой эле 5 миңге жакын аскерден куралган Күтүүсүздөн келип чыккан коркунучтарга каршы ылдам аракеттенүү күчтөрү да бар. Аты аталган күжүрмөн бөлүктөрдүн курамы жана түзүмү чечилиши керек болгон маселенин татаалдыгынан көз каранды. Ага карата уюм ар кандай аскердик-техникалык күчтөрдү (анын ичинде авиациялык күчтөрдү да) колдонушу мүмкүн.
Дүйнөдөгү армиялардын күчтүүлүгүн изилдеген Global Firepower веб-сайтынын 2022-жылдагы рейтингине карасак, ЖККУга мүчө мамлекеттердин ичинен Орусия 2-орунга, Беларусь өлкөсү 52-орунга, Казакстан 64, Кыргыз өлкөсү 90, Армения 97-орунга жана Тажикстан 111-катарга жайгашкан.
ЖККУ аралашкан маанилүү окуялар
ЖККУ өз тарыхында жамааттык күчтү колдонгон маанилүү окуялардын бири январь айындагы Казакстанда орун алган баш аламандыктар болуп калды. Ага чейин уюм бир катар олуттуу жаңжалдарга таптакыр кийлигишкен эмес. Маселен, Кыргыз өлкөсүндө орун алган үч революцияда тең: 2005-жылдагы "Жоогазын" революциясына, 2010-жылы 7-апрелдеги көтөрүлүшкө жана 2020-жылда болуп өткөн октябрь окуяларында ЖККУ оозеки түрдө гана тынчтыкка чакырган. Мындан тышкары 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү улут аралык жаңжалга, 2020-жылдын күзүндө Армения менен Азербайжандын ортосунда орун алган Тоолуу Карабахтагы урушка, ошондой эле 2021-жылы апрелдин аягындагы Кыргыз-Тажик чек ара жаңжалын токтотууга да катышкан эмес. Жогоруда белгиленгендей, Казакстанга биргелешкен аскердик күчтү тартуу уюмдун тарыхындагы алгачкы окуя болду.
Андагы окуяларга кайрылсак, 6-январда казак президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөдө тополоңду өрчүткөн террордук күчтөр бар экенин белгилеп, ЖККУга жардам сурап кайрылган. 7-январь күнү уюмдун башкы катчысы Станислав Зась Казакстандагы абалды жөнгө салуу үчүн атайын аскер жана техника жибериле турганын маалымдаган. 7-январь күнү бирикмеге мүчө мамлекеттер тынчтык орнотуучу күчтөрүн Казакстанга жибере баштаган. Алардын ичинен Кыргыз өлкөсү да 150 жоокерин, 8 брондолгон техникасын жана 11 аскердик унаасын коңшу өлкөгө жөнөткөн. Алар Алматы шаарындагы ЖЭБ-2 стратегиялык объектисин кайтарышкан.
11-январь күнү президент Касым-Жоомарт Токаев өлкөдө абал кыйла турукташып калганын билдирип, 2 күндөн кийин ЖККУ аскерлери Казакстандан чыгарыларын айткан. Ал эми 19-январда бирикменин тынчтык орнотуучу күчтөрү өлкө аймагынан толугу менен чыгып кеткен. Соңку маалыматтарга караганда январь окуяларында Казакстанга бардыгы болуп 2080 жоокер жана 250 даана аскердик-техника барган.