Асылбек Жээнбеков “парламенттик башкарууну тандап алган Кыргызстан үчүн Индиянын тажрыйбасы маанилүү” дейт

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 25-ноябрда Индиянын Кыргызстандагы элчиси Жайант Кхобрагадени дипломатиялык миссиясынын мөөнөтү башталгандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда төрага парламенттер аралык байланыш эки өлкө ортосундагы мамилелерди бекемдөөдө маанилүү экенин айтты. Кыргыз тарап парламентаризмди өркүндөтүүдө тажрыйба алмашууга, парламенттер аралык байланыш механизмдерин иштеп чыгууга кызыкдар экенин да билдирди төрага. “Индия 1949-жылдан бери парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча чоң тажрыйба топтоду. 3 жыл мурун парламенттик башкарууну тандап алган Кыргызстан үчүн Индиянын иш тажрыйбасы өтө маанилүү”,- дейт Жээнбеков. 

Ал эми Кхобрагадени эки өлкө ортосундагы мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого багытталган чаралардын ишке ашуусуна бардык аракетин жумшай турганын билдирди. “Индия эки тараптуу мамилелердин алкагында гана эмес, эл аралык деңгээлде да кызматташтыкты жандандырууга жана аны андан ары өөрчүтүүгө кызыкдар”,- дейт элчи.

Жолугушууда Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясынын Индияга жакында боло турган иш сапары боюнча да сүйлөшүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан