Кыргызстан Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга кошулду

Президент Алмазбек Атамбаев “1979-жылдын 23-июнунда Бонн шаарында кол коюлган Жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоо боюнча конвенцияга Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 24-октябрында кабыл алынган болчу.

Конвенция өлкөлөрдүн мезгил мезгили менен мамлекеттик чек араларынан өткөн жерде, сууда жана аба чөйрөсүндө жашаган жапайы жаныбарлардын орун которуштуруучу түрлөрүн сактоого багытталган. Мыйзам 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан