25-ноябрда өкмөттө премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин төрагалыгы астында Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча кеңешме өттү. Анда ата мекендик экономиканын жакынкы жана орто мөөнөттөгү перспективаларында макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө интеграция процессинин таасиринин негизги аспектилерин көрсөткөн Экономика министрлигинин буйрутмасына байланыштуу изилдөөлөрдүн жыйынтыгы талкууланды.
Бажы биримдигине кирүүнүн оң жана терс натыйжалары бар экени айтылды.
Премьер-министр сүйлөшүү процесси жүрүп жаткандыгын жана Кыргызстан Бажы биримдигине улуттук кызыкчылыктарды аткарылуу шарты менен гана кире турганын айтты. Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү министрликтерге жана мекемелерге өкмөт тарабынан бекитиле турган программалардын документине өзгөртүүлөрдү даярдоо жана киргизүү тапшырмалары берилди.