Украинада аскердик операция башталгандан бери 3 миллион 300 миңден ашуун качкын өлкөдөн чыгып, дагы 6 жарым миллиону өлкөнүн башка аймактарына көчүрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын башкармалыгына таянып жазып чыгышты.