“Кылмышка айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү кирди

Президент Алмазбек Атамбаев “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 24-октябрында кабыл алынган болчу. Ал “КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча органы жөнүндө” мыйзамына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Жогоруда аталган мыйзамдын 9, 15, 40, 44-беренелерине толуктоолор каралып, ага ылайык баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган:

- камакта кармоочу жайларда Ички тартиптин эрежелерин колдонот;

- ченемдик укуктук актыларда каралган негиздерге жана учурларга таянып камакта кармоочу жайларда күч, атайын каражаттарды, газ жана ок атуучу куралдарды колдонууга укуктуу;

- мыйзамда белгиленген учурда башкы прокурор менен макулдашуу аркылуу камакта кармоочу жайларда 20 суткадан ашпаган мөөнөткө өзгөчө шарттар режимин киргизет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан