Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинанын батыш бөлүгүндө гиперүндүү ылдам учуучу "Кинжал" ракетасын колдонгонун билдирди. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенковдун билдирүүсүнө таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
"Кинжал" авиациялык комплексинин гипер ылдамдыктагы аэробаллистикалык ракеталары менен Ивано-Франковск облусунун Делятин калктуу пунктундагы украин күчтөрүнүн ракеталары жана авиациялык ок-дарылары сакталган жер төлөдөгү ири кампасы жок кылынды", - деп билдирди Конашенков.
Ал эми Украинанын куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү Делятин аймагына сокку урулганын ырастаганы менен, бул чабуулда кандай ракета колдонулганы дагы такталышы керек экенин билдиришкен.
Орус армиясы "Кинжал" ракетасы кадимки үндөн беш эсе ылдам уча аларын, абадан коргонуу системаларына кармалбастан 2 миң чакырым алыстыктагы бутага сокку ура аларын билдирип келет.
Айта кетсек, Украинадагы кырдаал 24-февралдан бери уланып жатат. Бириккен улуттар уюмунун эсеби боюнча, согуш башталгандан бери 3 миллион 300 миңден ашуун Украин жараны башка өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушту.