Ош-Эркечтам жол каттамы ачылды

Ахматбек Келдибековдун тарапташтары тосушкан Ош-Эркечтам жол каттамы ачылды. Бул тууралуу SUPER KG маалымат порталына аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди. Анын айтымында, Ош-Эркечтам жолун тоскон депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары менен жолугушууга кечээ күнү Жогорку Кеңештин вице-спикери Бөдөш Мамырова менен Ош облусу боюнча өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков барган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, митингчилер жолду ачып, эгерде үч күн аралыгында бийлик Ахматбек Келдибековду үй камагына чыгарышпаса, жолду кайрадан тосушарын билдиришкен. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан