Киевдеги аскерлер жайгашкан жердин сүрөтүн интернетке жарыялаган тиктокер камакка алынды

Украинанын Коопсуздук кызматы Киевдеги аскерлер жайгашкан жердин сүрөтүн интернетке жарыялаган тиктокерди кармады. Бул тууралуу Украинанын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, орус тарап аталган видеодогу маалыматты колдонуп, 20-мартка караган түнү украин күчтөрү жайгашкан соода борборго ракета менен сокку жасаган. Анын жыйынтыгында сегиз киши каза болуп, "Ретровилль" соода борборунун бир нече кабатында өрт чыгып, жакын жердеги унаалар күйүп кеткен.

Муну менен коопсуздук кызматы аскер техникалары жана аскердик объектилер тууралуу маалыматтарды жарыялабоо тууралуу билдирүү таратты.

Эскерте кетсек, Орусиянын Коргоо министрлиги Киевдеги соода борборго жасалган ракеталык соккулардан улам украин армиясына таандык курал-жарак кампасы жана дароо бир нече ракета коё берүүгө жөндөмдүү реактивдик система жок кылынганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан