20-ноябрда Башкы прокуратура тарабынан камакка алынган депутат Ахматбек Келдибековдун тарапташтары кечээ, 25-ноябрда Ош-Эркеч-Там жол каттамын ачышты. Жолу тосулган Сопу-Коргон айылына өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов, облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашым Тагаев, спикердин орун басары Бөдөш Мамырова, Ош шаары жана облусу боюнча Ички иштер башкармалыгынын башчысы Сүйүн Өмүрзаковдор митингчилер менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин жол ачылды. Бирок митингчилер 3 күндүк мөөнөт менен гана ачышты. Үч күндүн ичинде митингчилердин койгон талабы аткарылбаса, кайрадан жол тосууну улантарын билдиришти. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирет. Анын айтымында, бүгүн митингчилердин өкүлдөрү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге өз талаптарын айтууга барышат.