Түркмөнстандын жаңы президенти Сердар Бердымухамедов мамлекет башчысы катары алгачкы иш-чарасын өткөрдү. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, Сердар Бердымухамедов 20-мартта Ашхабаддагы массалык ишембиликке катышкан. Иш-чара өтүп жаткан жерге Сердар Бердымухамедов 2021-жылдын 7-ноябрында атасы Гурбангулы Бердымухамедов ишембиликке чыккан ошол эле ак-жашыл түстөгү Мерседес-Майбах GLS 600 жол тандабас унаасы менен келген.
Анда Гурбангулы Бердымухамедов унааны өзү айдап келсе, жаңы президентти айдоочу алып келген.
Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов 12-мартта өткөн президенттик шайлоодо 72,97 пайыз добуш алып жеңишке жеткен.
Сердар Бердымухамедов тууралуу кызыктар бул шилтемеде.