Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-ноябрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналган илимий практикалык конференция өтөт. Конференция “Мыйзам чыгаруу ишин талдоо жана анын келечеги” деген темада өтүп, ага Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, депутаттар, коомдук уюмдун өкүлдөрү жана башкалар катышат. Иш-чараны депутат Каныбек Осмоналиев ачып, төрага Асылбек Жээнбеков куттуктоо сөзүн айтат. Темага байланыштуу докладдар окулмакчы.