Алексей Навальный алдамчылык жана сотту кемсинтүү иши боюнча тогуз жылга кесилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, сот Навальныйды фондго түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон деп тапты. Мындан сырткары ага мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен деген айып тагылды.
Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырышты.
Эскерте кетсек, орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйга судья Вера Акимовага акаарат келтирген деген жүйө менен кылмыш иши козголгон.
Маалымат үчүн:
Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 2021-жылдын 17-январында Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.