Биз социалдык тармакта

Бишкектин көчөлөрүн тазалоо иштери башталды

Бишкектин көчөлөрү кардан тазаланат. Борбор калаанын мэриясынан белгилешкендей, туруксуз аба ырайынан улам борбор калаанын жолдорун, тротуарларды жана трассаларды кардан тез арада тазалоого жол тейлөө башкармалыгынын 30 кызматкери жана 628 көчө шыпыргычы тартылды.

Маалыматка ылайык, көчөлөрдү тазалоого универсалдуу 25 МАЗ унаасы, 2 ЗИЛ, 2 жүктөгүч техника тартылды.

"Эгерде трассалардын, жолдордун тазаланбай турган участокторун көрсөңүз кабар берип коюуну суранабыз. Биздин байланыш номерлер 0554 182 185 же 1840, 1850", - дешет мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан