“Түндүкэлектр” ишканасы 2013-жылдын 9 айында абоненттердин дебитордук карызын өндүрүү боюнча сотко 559 доо арыз жиберди. Карыздын суммасы 23,4 миллион сом экенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Мунун ичинен 91 доо арыз өндүрүш ишканаларынын 14,9 миллион сом карызы үчүн сотко жөнөтүлдү. Сот 5,3 миллион сомдук карыз боюнча “Түндүкэлектрдин” пайдасына чечим чыгарып бергени айтылды.