Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош унаа жолунда таш кулады

Бишкек-Ош унаа жолунда көлөмү болжол менен 500 метр кубду түзгөн таш кулады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кечээ, 22-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 422-423-чакырым аралыктарында саат 16:00 чамасында көлөмү болжол менен 500 метр куб таш кулап, анын ичинен 100 метр куб таш унаа жолго түшкөн, жол каттамы жабылган эмес. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.

№30 ЖТИден 5 кызматкер, 1 манипулятор тартылып, жолдогу таштар тазаланып алынган. Бүгүн, 23-март күнү да тазалоо иштери улантылат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан