2014-жылы Шотландияда эгемендүүлүктү алуу тууралуу референдум өтөт. Бул
тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирүүдө.
Шотландия менен Англиянын бириккенине 300 жыл болуп, бул союз Улуу
Британиянын пайда болушуна алып келген. Эми Шотландиянын улуттук партиясынан
шайланган өкмөт мүчөлөрү Улуу Британиядан бөлүнүп, эгемендүү өлкө болуу ниетин
билдирүүдө.
Шотландия өкмөтүнүн өкүлдөрү 10 жылдан бери көз карандысыз мамлекет болуу
демилгесин көтөрүп келе жатат. Ошондон улам Шотландиянын бийлик өкүлдөрү 2014-жылдын
18-сентябрында референдум өткөрүп, анда шотландиялыктарга “Сиз Шотландиянын көз
карандысыз мамлекет болушун каалайсызбы?” деген суроо салышат. Эгерде коомчулук
бул демилгени колдосо, 2016-жылдын 24-мартынан тарта Шотландия көз карандысыз
мамлекет деп таанылып, ушул эле жылдын май айында алгачкы парламенттик шайлоосун өткөрөт.
Азырынча Лондондун расмий бийлиги Шотландия бийлик өкүлдөрүнүн бул демилгеси
демократия жолунда ишке ашса, каршы эместигин кабарлашууда.
Ал эми Шотландия тургундарынын көпчүлүк бөлүгү коомдук сурамжылоонун
негизинде Улуу Британиядан бөлүнүүнүн зарылчылыгы жок экендигин билдиришкен. Ошондуктан
2014-жылы боло турган референдумда Шотландиялыктар кандай добуш беришет, азырынча айтуу кыйынга турууда.