Биз социалдык тармакта

Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында качан операция жасайт? Орун басары жооп берди

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргыз-Түрк достугу ооруканасында операция жасай элек. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев журналисттерге билдирди.

"Азырынча министри Алымкадыр Савирдиновичтин убактысы болбой жатат. Бирок анын операция жасоо пландары бар", - деди Рахматуллаев.

Мындан тышкары, Рахматуллаев аталган оорукана ачылгандан бери 34 адамдын жүрөгүнө операция жасалганын белгиледи.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын сентябрь айында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ооруканада хирургиялык операцияларга хирург катары катыша турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан