25-ноябрдан 29-ноябрга чейин Ош мамлекеттик университетинде ВИЧти шилекей аркылуу изилдөө боюнча жумалык тестирлөө өтүүдө. Аталган иш-чара 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата өтүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун врачы Жыргал Нажиманов билдирет. Иш-чара акысыз түрдө жүргүзүлүп, тестирлөөнүн жыйынтыгы 20 мүнөттө маалым болот.