Биз социалдык тармакта

Бишкектеги 47-колония жабылды. Соттолгондор жакын арада атайын мекемелерге которулат

Буга чейин Бишкектеги №47 абак жоюлары маалымдалган. Жазаларды аткаруу кызматынан бүгүн, 23-мартта колония жабылганын, демонтаждалгандан кийин кандай жай болорун билдиришти.

"Өкмөттүн жана ЖАКнын ведомстволук буйруктарына ылайык, 47-колония толугу менен демонтаждоо, андан кийин медициналык, турак-жай жана башка жаңы имараттарды куруу боюнча чечим кабыл алынды. Бул тууралуу жумушчу жыйында кабыл алынып, 47-колонияны жоюу процессин, соттолгондорду башка мекемелерге бөлүштүрүү маселеси талкууланды.

Тактап айтканда, жакын арада бардык соттолгондор кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык, атайын мекемелерге которулат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан