Биз социалдык тармакта

Нарында жасалган курут-момпосуй Бишкекте сатылууда

Бүгүн, 23-мартта Нарын шаарында Япония мамлекетинин "Бир айыл - бир продукт" долбоору алкагында жеке ишкерлер жасаган азык-түлүктөрүн көрсөтүп, жасалуу технологиялары менен тааныштырышты. Анда курут-момпосуй жасаган ишкер Жүзүмкан Кекеева азыктын жасалуу технологиясы тууралуу айтып берди.

"Биз өндүргөн куруттар Нарында жана Бишкек шаарында сатылат. Санитардык талаптарды сактоо менен кол менен жасайбыз. Ишти баштаганыма 2 жыл болуп калды. JICA уюму мага куруттун этикеткасына, сатуу иштеринде көмөктөшүп келет. Бул курут-момпосуйга бал кошуп жасайбыз. 3 адам иштеп жатабыз. Биз жасаган азыктын талапка ылайык сертификаты бар. Азык-түлүк жарманкелерине тынымсыз катышып турам. Курут-момпосуй Бишкекте Токтогул көчөсү 140'та сатылат", - деп билдирди Кекеева.

Белгилеп өтсөк, Кыргыз өлкөсүндө Япония мамлекетинин "Бир айыл - бир продукт" программасы JICA уюму тарабынан ишке ашырылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан