Бүгүн, 26-ноябрда Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө жана айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ошэлектр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.
Электр жарыгын өчүрүү эртең мененки саат 08:00дөн кечки саат 17:00гө чейин улантылат. Аталган ишкананы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу шаардын Төлөйкөн, Ленин, Курманжан датка көчөлөрүнө жана Керме-Тоо, Кызыл-Байрак айылдарына убактылуу электр жарыгы берилбейт.