Бүгүн 25-мартка караган түнү "Ала-Тоо" аянтынын аймагындагы көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең, 25-мартта борбордук аянтта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн алынган атайын техникаларды тапшыруу аземи болот. Ошол себептен бүгүн, 24-март 21:00дөн тартып, 25-март саат 11:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат.
- Чүй кең көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү;
- Эски аянт - Абдымомунов көчөсүнүн Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү.