Биз социалдык тармакта

Бишкектин айрым райондорунда 5 күн катары менен жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкек шаарынын айрым райондорунда 28-марттан 1-апрелге чейин жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул күндөрү компаниянын кызматкерлери Мурманск жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 1973-жылы ишке берилген газ өткөргүчтөн сызылып чыккан газды токтотот.
Бул көйгөй былтыр ноябрда эле аныкталып, бирок күзгү-кышкы жылытуу мезгилин эске алуу менен тиешелүү жумуштар анда убактылуу гана жасалган. Аба ырайынын жылышы менен иштер уланганы турат.
"Буга байланыштуу Алыкулов, Киров, Абакан, Фрунзе көчөлөрүндө жана Баетов көчөсү, 1 дарегиндеги "Продимпекс" ЖЧКсында газ жок болот", - деп жазылат маалыматта.
"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан