Пандемиядан улам өлкөдө жаш балдардын арасында кургак учук менен ооругандардын саны азайган. Кыргыз өлкөсүндө акыркы эки жылда балдардын арасында кургак учук дартына чалдыккандардын саны эки эсеге азайды. Бул тууралуу врач-фтизиатр Алтынай Байтелиева билдирди.
"Акыркы эки жылда пандемиядан улам өлкөдө жаш балдардын арасында кургак учук менен ооругандардын саны азайганы байкалды.Тактап айтсак, жаш балдардын арасында 2019-жылы 14,2% болсо, ал эми 2020-жылы 8,1% түзгөн. Өспүрүмдөр арасында 2019-жылы 56,3 % болсо, ал эми 2020-жылы 36,8 % түздү. Бул көрсөткүч эки эсеге азайды дегенди түшүндүрөт", - деди Байтелиева.
Эске салсак, бүгүн, 24-март - Бүткүл дүйнөлүк кургак учук дартына каршы күрөшүү күнү.