“Парламент коомчулук тарабынан айтылган сындарды туура кабыл алып, аны анализдей билүү керек”,- деди Жогорку Кеңештин төрагасы бүгүн, 26-ноябрда парламенттин 75 жылдыгына арналып өтүп жаткан конференцияда.
“Парламентте ар дайым ачыктык болууга тийиш. Кыргызстан демократиялык ачык коомго карай жүрүш жасоодо. Улуттук парламентаризмдин салттарын жандантуу, аны менен эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерин жуурулуштура билүү маанилүү. Башкача айтканда, парламентаризмди өнүктүрүүнүн заманбап усулдарын изилдөө керек”,- деди төрага.