Өлкөбүздө жаз мезгили өкүм сүрүп баштаганына бир айдай болуп калды. Аталган мезгилдин алгачкы айлары аба ырайынын туруксуздугу менен өзгөчөлөнөт эмеспи. Республиканын кээ бир аймактарында жер жашылданып, көк чыгып, өрүк гүлдөп калса, кээ бир аймактарда али кыш өкүм сүрүп жаткан кербези. Нарын облусуна болгон иш сапардын алкагында жол бойлой табияттын керемет кубулушун, мезгилдердин айкалышын кадрга түшүрүүгө аракет кылдык.
Ажайып табият менен курчалган Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунан сүрөт баян.












