“Эгемендүү Кыргызстанды түптөөдө легендарлуу парламенттин кошкон салымы чоң. Эгемендик жана көз карандысыздык декларациялары, Конституция кабыл алынып, президент шайланган. Герб, туу, гимн кабыл алынган”. Муну төрага Асылбек Жээнбеков 26-ноябрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналып өтүп жаткан конференцияда айтты. Жээнбеков билдиргендей, көз карандысыз мамлекетти түптөө эгемендикти алуу менен эле чечилип калбай турганына токтолду.
“Татаал тарых сынынан өтүш керек экен. Көп кыйынчылыктар болду, бирок бул жылдар аралыгында топтолгон тажрыйба өлкөдө парламентаризмдин салттарын калыптандыруу процессине чоң түрткү бергени талашсыз”,- дейт төрага.
Парламенттик башкаруу формасын тандап алган Кыргызстан демократиясы өнүккөн ондогон өлкөлөр көп жылдар бою басып өткөн жолду 3 жылда басып өткөнүн айтты.