Ош шаардык муниципалдык турак-жай мекемесинин башчысы Эркин Аралиев "Ошто суу өткөрүүчү бетон арыктарды куруу иштери аяктоо алдында турат" деп билдирди. Эскерте кетсек, суу өткөрүүчү бетон арыктарды шаардын Ленин, Абдыкадыров, Джим көчөлөрүнө жана Мотодром аймактык кеңешине куруу пландалган. Учурда Ленин көчөсүндөгү куруу иштери аягына чыгуу алдында турат. Суу өткөрүүчү бетон арыктардын жалпы узундугу 2531 метрди түзөт.
“Жолдун боюнда эгилген эски дарактар суу өткөрүүчү бетон арыктарды курууда тоскоол болууда. Биз дарактарды кыйып салганга укугубуз жок. Ошондуктан дарактардын тамырларына зыян келтирбегенге аракет кылуудабыз”,- дейт бул тууралуу Аралиев.