Акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 16 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришет.
Бишкек шаары – 7;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу – 2;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 1;
Баткен -1.
Пандемия башталгандан бери жалпы 200 миң 879 адам жабыркаса, анын ичинен 196 миң 170 киши ооруну жеңди.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 89 адам стационардык дарыланууда жатса, 52 бейтап амбулатордук дарыланууда.