"2013-жылдын 9 ай ичинде Кыргызстанга
25 миңден ашуун оң рулдуу автоунаа киргизилген". Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда
Бишкекте өткөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо
кызматына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин башчысы Абдыбек Дюшалиев журналисттерге билдирди.
Ал "Бул унаалардын баары Япониядан алынып келинүүдө. Баасы башка өлкөлөрдө чыгарылган
автоунааларга салыштырмалуу арзан болгондуктан, Кыргызстанда өтүмдүү болуп жатат. Ошондон улам оң рулдуу автоунаалар жылдан-жылга көп кирүүдө",- деди.
Белгилей кетсек, 2006-жылы
3100 оң рулдуу унаа каттоодон өтсө, 2011-жылы бул көрсөткүч 24 724кө
жеткен.
Абдыбек Дюшалиев жол
кырсыктарынын көпчүлүгү оң рулдуу автоунаалардын кесепетинен болуп жаткандыгын жана аларды киргизүүгө тыюу салуу маселеси учурдун актуалдуу көйгөйлөрүнүн
бири экендигин да айтып өттү.