Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы шайланган президент, тагыраагы өзүнүн уулу Сердар Бердымухамедовдон эс алуу сурады. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү маалымат булактары жазышты.
25-мартта президент Сердар Бердымухамедов өкмөттүн биринчи жыйынын өткөрүп, анда вице-премьер-министрлерди кайра дайындаган.
Жыйынга экс-президент, парламенттин жогорку палатасынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов да катышкан.
Жыйында Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстандын президентине жеке кайрылган.
"Өзүңүз билгендей, мен 40 жылдан бери жетекчилик кызматта, 25 жылдан бери саясатта келе жатам. Жумуштун көптүгүнө байланыштуу мен толук кандуу эс ала элекмин", - деген экс-президент 1-апрелден тарта эс алууга чыгууну суранган.
Сердар Бердымухамедов атасынын өтүнүчүн канааттандырган. Эс алуу канча убакытка созулары айтылган жок.