Панфилов районунун акими өкмөттү алдаганы үчүн кызматынан алынды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Маалыматка караганда Т.М. аттуу жаран үстүбүздөгү жылдын июль айында Панфилов районунун акими болуп дайындалган. Ал 2010-жылдын 23-октябрынан 2013-жылдын июль айына чейин Панфилов районуна караштуу Ортоевский айыл өкмөтүнүн башчысы катары иштеп келген.
Т.М. аттуу жарандын берген маалымкатында анын 2000-2004-жылдар аралыгында Сокулук районуна караштуу Биринчи Май айыл өкмөтүндө башкы адис болуп иштегени жазылган. Бирок материалдарды текшерүүгө алганда бул кызматта иштебегени аныкталган.
Райондук администрациянын башчысы болуш үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда же мамлекеттик уюмдарда, мекемелерде 5 жылдан кем эмес башкаруучулук кызматта иштеш керек.
Учурда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 315- (кызматтык жасалмачылык), 350- (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) жана 304-беренелери (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.
2013-жылдын 22-ноябрында премьер-министрдин буйругу менен Панфилов районунун башчысы Т.М. кызматтан алынган.