Парламенттин аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов бүгүн, 26-ноябрда ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика комитетинин жыйынында Жогорку Кеңеш жыйындарына катыша турган жарандарды алдын ала тизмеге алуу сунушун айтты. Айтымында, пленардык жыйындарга катышууну каалагандар 10 күн мурун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-башкармалыгына арыз менен кайрылышы керек.
Арызда ал адамдын жыйынга катышуудагы максаты көрсөтүлүшү керек экен.
Буга вице-спикер Асия Сасыкбаева каршы чыкты. “Парламент – ачык институт, 3 жылдан бери эч кандай чектөөлөрсүз эле иштеп келе жатабыз. 5 күн же 10 күн мурун текшерил десек, анда жарандардын укугун чектеп коёбуз”,- деди депутат.
Аппарат кызматкерлери Ак үй №1-коргоого алынган мекеме экенин, ал жерде президент, спикер, 120 депутат иштей турганын айтышты.