Таиланддын премьер-министрине импичмент жарыяланууда

Таиланддын парламентинде өлкөнүн премьер-министри Йинглак Чинават менен ички иштер министри Чарупонгу Руангсувануга импичмент жарыялоо тууралуу талкуу болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары бүгүн, 26-ноябрда кабарлашууда.
Маалыматка караганда, премьер-министр менен ички иштер министрине импичмент жарыялоо демилгеси оппозициялык маанайдагы "Демократтар" партиясынын депутаттары тарабынан көтөрүлгөн. Алар премьер-министр менен Ички иштер министрин корруциялык кылмыштарга тиешеси бар деп айыпташууда. Алтургай дебат учурунда оппозиция өкүлдөрү буга байланыштуу далилдер бар экенин билдиришкен.
Ал ортодо оппозициянын тарапташтары Таиланддын Каржы жана Тышкы иштер министрликтеринин имараттарын басып алып, буга байланыштуу Бангкок менен ага жакын жайгашкан эки аймакта өзгөчө кырдаал киргизилди.
Каршылык акциясына чыккандар Таиланд өкмөтүн 2006-жылы аскердик төңкөрүштөн улам кызматтан кетүүгө мажбур болгон, учурда башка мамлекетте жүргөн Таксин Чинават менен болгон байланышын токтотууга чакырууда. Алардын айтымында, учурдагы премьер-министр Йинглак Чинават мамлекетти башкарбай эле өлкөнү мурдагы премьер-министри Таксин Чинават сырттан башкарууда. 
Эске салсак, Таиланддын учурдагы премьер-министри Йинглак Чинават - мурдагы өкмөт башчы Таксин Чинаваттын карындашы. Парламенттин басымдуу бөлүгүн ээлеген “Пыа тай” партиясы да премьер-министр Йинглак Чинаваттын саясатын колдогондор.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан