“Депутат боло турган адамда “Жогорку Кеңешке барганда үйрөнүп алам” деген ой болбошу керек. Депутат болууга даяр болуп гана парламентке келиши зарыл”. Муну бүгүн, 26-ноябрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналып өтүп жаткан конференцияда депутат Бөдөш Мамырова айтты. Мамырова депутаттын иши микрофондо сүйлөп коюу гана эмес экенин билдирди.
“Депутат мыйзам чыгаруу жаатында даяр адис болушу башкы орунда” деген Мамырова "депутат жалпы элдин атынан сүйлөөгө болбойт" деген пикирге макул эместигин айтты. “Эл тарабынан шайланган биз элдин атынан сүйлөй албасак, анда ким сүйлөйт? Болбосо элдин үнүн айта турган бир орган түзүүгө туура келет”,- деди.