Курмантай Абдиев, депутат: “Депутаттар кыргыз тилинде мыйзам жазууга даяр эмес”

“Жогорку Кеңештеги депутаттар кыргыз тилинде мыйзам жазууга даяр эмес экенин убакыт көрсөттү. “Киргиздер” эле эмес, нукура кыргыздар деле расмий тилде мыйзам жазууга көнүп алышыптыр”. Муну бүгүн, 26-ноябрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналып өтүп жаткан конференцияда депутат Курмантай Абдиев айтты. Айтымында, кыргыз тили маселеси курч бойдон. “Мыйзамдарды жалаң мамлекеттик тилде жазуу тууралуу мыйзам сунуштадым эле, өтпөй калды. Көпчүлүк даяр эмес экен, демилге ишке ашпай келе жатат. Анын үстүнө тил маселесин көтөрсөң эле улутчулдукка жабыштыра беришет”,- дейт Абдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан