Исхак Масалиев “Парламенттик борбор” ачууну сунуштоодо

“Кыргызстанда депутаттарды, депутаттыкка талапкерлерди мыйзам долбоорун жазууга, мыйзам менен иштөөгө үйрөтүүчү "Парламенттик борбор" ачуу зарыл”,- деди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиев, бүгүн, 26-ноябрда "Жогорку Кеңеште өтүп жаткан Мыйзам чыгаруу ишин талдоо жана анын келечеги” аталыштагы илимий-практикалык конференцияда.
“Бул борбор мыйзам чыгаруу тармагында иштегиси келген ар бир жаранга мыйзам менен иштөөнү, мыйзам долбоорлорун жазууну үйрөтүүсү шарт. Мындай демилгени донорлор да колдосо керек”,- деди ал өз сөзүндө. 
Ошондой эле Исхак Масалиев айрым парламенттин депутаттары мыйзам чыгаруу жаатында сабаты начар экендигин белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан