Түркиянын Стамбул шаарында Украина менен Орусиянын сүйлөшүү топтору жолугушту. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аларга кайрылып, элдешүүгө чакырды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр түрк лидеринин Долмабахче резиденциясында өтүүдө. Өз кезегинде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган делегация өкүлдөрүнө кайрылып, элдешүүгө чакырды.
Эрдоган жумушчу сапары менен Өзбекстанга барышы керек экенин айтып, бирок тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маанилүү учур болуп калуу тобокелчилиги үчүн Стамбулда калганын айткан.
Ошондой эле жолугушуу өтүп жаткан залда орусиялык олигарх Роман Абрамович дагы бар.