Алмазбек Атамбаев мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сабир Атажановду кабыл алды

Бүгүн, 26-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сабир Атажановду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиядагы “Айлана-чөйрөнү коргоо” бөлүмүн даярдоо маселелери талкууланды. 
Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын туура пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан сырткары кен казып алууда жана өнөр-жай ишканаларынын ишинин натыйжасында экологиялык нормалардын бузулбашын көзөмөлдөөгө көңүл буруу керектигин айтты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан