Орусия менен Украинанын Стамбулдагы кезектеги сүйлөшүүлөрү аяктады. Бул тууралуу журналисттерге орус делегациясынын башчысы, президенттин жардамчысы Владимир Мединский Москва менен Киев делегацияларынын жолугушуусунун жыйынтыгында билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Украина тарап менен сүйлөшүүлөр аяктады. Сүйлөшүүлөр конструктивдүү өттү", - деди ал. Мединский белгилегендей, Орусия деэскалация үчүн Украинага эки кадам таштоодо. "Мен өз тарабымдан биз дагы жаңжалды басаңдатууга эки кадам жасап жатабыз деп айта алам", - деди ал. Мединский бул кадамдардын саясий жана аскердик бөлүккө тиешелүү экенин түшүндүрдү. Орус делегациясы Стамбулда украин тараптан сунуштарды алды, алар изилденип, өлкө жетекчилигине жеткириле турганын айтты.